21-февраль ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ күнүнө арналган тарбиялык класстык сааттар
21-февраль
ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ
күнүнө арналган тарбиялык класстык сааттар
21-февраль ЮНЕСКО тарабынан эл аралык Эне тил күнү катары белгиленген.
Бул күн 1999-жылы бириккен Улуттар уюмунун агартуу, илим жана маданият маселелери боюнча уюму – ЮНЕСКО тарабынан жарыяланып, ошондон бери жыл сайын маданий жана тил байлыгын өркүндөтүү максатында белгиленип келе жатат. Ушул күнгө карата жер жүзүндө ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт.
Бишкек шаарынын Биринчи май районундагы Е.Б.Якирдин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексининде жыл сайын кыргыз тили мугалимдери ар кандай иш-чараларды өткөрүп келе жатышат.
2023-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “21-февраль – Эне тил күнүнө жарыяланган бир айлыктын алкагында биздин лицейде тарбиялык класстык сааттар өтүлүп жатат. Бул күнгө арналган иш чараларга 27-январдан баштап пландар түзүлүпжана бекитилип, өз убактарында жооптуулар өткөрүп жатышат.
Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында биздин лицейдин окуучулары өздөрүнүн даярдаган материалдары менен тарбиялык класстык сааттарды өткөрүштү.
“Эне тилди барктайлы” жана “Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили” аттуу тарбиялык сааттар жогорку жана ортоӊку класстарда өтүлдү.
Мугалимдер улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даӊазалап, сөз байлыгын өстүрүү аракетинде кыргыз тили сабактарын өткөрүштү.
Комментарии