3-март – МАМЛЕКЕТТИК ТУУ КҮНҮ
Бүгүн, 3-март, Кыргызстан мамлекеттик Туу күнүн белгилѳѳдѳ. Эгемен өлкөбүздү дүйнөгө таанытар эң белгилеринин бири – бул Мамлекеттик Туу.
Мындан 30 жыл мурун, тактап айтканда 1992-жылдын 3-мартында мамлекеттик туу КРнын Жогорку Советинин атайын токтому менен бекитилген. Мына ошол күндөн тартып өлкөдө желек күнү салтанаттуу түрдө белгиленип келет.
Е.Б. Якирдин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинде улуттук майрамыбызды тосуп жатып, ушул рухий дөөлөт жөнүндө дагы ушул күнгѳ арналган салтанатту иш-чаралар ѳткѳрүлдү.
Кыргыз элинде Мамлекеттин символу байыртадан бар экенин анын терең маанисин жана желектин бир түстүү кызылдыгы эрдик, тайманбастыктын символу, жаркыраган алтын күн бейкуттукту жана биримдикти чагылдыраарын, ал эми түндүк-үй кутунун символу, аалам катары дүйнөнү алда канча кеңири түшүнүүдө бир айлампага бириктирилген кырк нур байыркы кырк уруунун бирдиктүү Кыргызстанга бириккендигин айгинелелейт.
Түндүк өлкө калкынын биримдигинин символу, желектин кызыл түсү айкөл Манас атабыздын туусунун түсү экени жөнүндө класстык сааттаар өтүлдү.
Мамлекетин гимни жаңырып жалпы иш-чаранын катышуучулары менен биргеликте коштолду. Андыктан эркиндик,тынчтык,бакубат жашообуз уланып, элибиз өнүккөн өлкө болсун, жаштарыбыз мамлекетке зор салымын кошкон инсандардан болсун деген изги тилек менен иш-чара жыйынтыкталды.
Комментарии