№61 АФММЛ ОКсинде жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду 12-декабрь туулган күнүндө эскерип, иш-чаралар өткөрүлдү
Ар жылы 12-декабрда, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду эскерип, иш-чаралар, класстан тышкаркы иштер өткөрүлүп келет.
Жазуучунун көзү тирүү болгондо 92 жашка чыкмак. Бирок, көзү жок болсо да, анын кайталангыс чыгармалары, эмгектери бүтүндөй калың журттун, өсүп келе жаткан жаш муундун эсинде. Чыңгыз Айтматовду кыргыз эли, дүйнө жүзү да өз тилинде сүйүү менен окуп келишет жана окуй беришет.
Бул жолу да 1-2-класстар үчүн класстан тышкаркы сабактар болуп өттү. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын, тартылган тасмаларын балдар кызыгуу менен окуп, айтып беришип, каармандарды кагаз бетине түшүрүштү. Анын жаркын элеси, эмгектери дайыма жүрөгүбүздө.
Комментарии