“ЭНЕ ТИЛИМ –МЕНИН ДИЛИМ”
№61 АФММЛ ОКнин бала бакчасында наристелердин ЭНЕ ТИЛ күнүнө арналган
“ЭНЕ ТИЛИМ –МЕНИН ДИЛИМ”
аттуу салтанаттуу кече өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “21-февраль – ЭНЕ ТИЛИ күнүнө” жарыяланган бир айлыгынын иш-чараларынын планын ишке ашыруу, бала бакчадагы таланттуу балдарды табуу, аларга демилге көрсөтүү, сөз байлыгын өстүрүү, улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын көрсөтүү жана жайылтуу максатында “ЭНЕ ТИЛИМ – МЕНИН ДИЛИМ” аттуу салтанаттуу кечени кыргыз тили мугалимдери Кошоева Кулжан Качкыновна жана Турсуналиева Бурулсун Токоновна уюштурушту
Кичинекей наристелер кыргыз тилинде ыр айтышып, бий бийлешип,
өздөрүнүн таланттарын тартуулашты.
Балдар майрамдык маанай менен майрам жөнүндө маалыматтарды алышты.
Алар өздөрүнүн кийип келген кийимдери жөнүндө кыскача айтып беришти.
“Мамлекеттик тил – достуктун жана биримдиктин тили!”
Комментарии