“ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН”
Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым!
“ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН”
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “21-февраль – Эне тили күнүнө” жарыяланган бир айлыгынын иш-чараларынын планын ишке ашыруу максатында Е.Б.Якирдин №61автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинде 2-9-класстардын окуучуларынын арасында “ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН” аттуу көркөм окуу кароо-сынагы 2023-жылы 8-февралында өткөрүлдү.
Бул сынакка лицейде окуган башка улуттун окуучулары катышты. Кыргыз тили мугалимдери өздөрү окуткан окуучуларын сынакка даярдашты.
Активдүү катышкан мугалимдерге, Кыштобаева А.А., Уметалиева С.Р., Орозалиева М.К., Турсуналиева Д.Т., Кошоева К.К., Бадачиева В.С., Усенова Ж.Ж., Качкынова Ж.А., администрация тарабынан ыраазычылык билдиришти жана үзүрлүү эмгектерине ийгилик каалап кетишти.
Кароо-сынактын калыстар тобунун курамында ар кайсы сабактан берген мугалидер болушту.
Ратникова М.И. –англис тили мугалими, ТИ боюнча директордун орун басары,
Лохова Т.Р. – орус тили мугалими, Мураталиева Н.А., Мусаева А.Б. – кыргыз тили мугалимдери балдардын аткаруу чеберчилигин баалап беришти.
“Ырдайлы кыргыз ырларын” кароо-сынагына 30 башка улуттун окуучулары өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүштү. Таланттуу окуучуларга айлыкты жыйынтыктоо аземинде мектептин грамотасы тапшырылат
Иш-чаралар аркылуу улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү,
маданий-тарыхый мурастарды даӊазалайлы жана
таланттуу балдарга демилге көрсөтөлү.
Комментарии