С праздником Нооруз!
Нооруз — бул жаздын келиши, жаңы жылдын башталышы катары белгиленген майрам. Ал негизинен Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда кеңири тараган.
Нооруз майрамы жыл сайын 21-мартта, күн менен түн теңелгенде белгиленет. Жаңы жашоонун башталышы, тазалануу, кечиримдүүлүк жана ынтымактын символу болгон Нооруз майрамына карата #61 ЖББМ 4-В классынын окуучулары тарабынан иш-чара болуп өттү. Бул иш-чарада окуучулар: алас, жарамазан, манас, акыйнек айтышып, ырдап-бийлешип, улуттук аспаптарда ойношуп, тушоо кесүү салтын көрсөтүшүп, сүмөлөк жана улуттук тамак-аштар жөнүндө айтып беришип, улуттук оюндарды ойношту.
Нооруз — бул жөн гана майрам эмес, ал элдин тарыхын, маданиятын, салтын чагылдыргандыктан, окуучулар ушул баалуулуктарды өздөрү көрүп, билип, аткарып беришти.

Комментарии