9-СЕНТЯБРЬ — КОМУЗ КҮНҮ
Тилге жолдош, үнгө дем,
Комузду кошуп ырдайлы.
Бабабыз черткен бул комуз,
Баркына жетип сыйлайлы.
Иш чаранын максаты:
Балдарга кыргыздын музыкалык аспабы болгон «комуз» жөнүндө маалымат алып, баалуулуктарын биле алышат.
Е.Б.Якирдин №61 ЖОББ мектебинде комуз күнүнѳ арналган «ТАӉШЫ КОМУЗ» аталышындагы онлайн иш-чара инстаграм баракчада ѳткѳрүлдү.
Мектептин мугалимдери окуучулар менен бирдикте бурчтарды жасашты. Ар бир кыргыз тили кабинеттеринде тема боюнча бурчтар уюштурулду. Окуучулар тема боюнча слайддарды жасап келишип, сабак учурунда презентацияларын жактап беришти.
Ар бир класстарда дубал гезиттерин чыгарышып, комуздун кантип пайда болгондугу жөнүндө уламыштарды, анын түзүлүшүн жана белгилүү комузчулар жѳнүндѳ темаларды камтып жана аларды айтып беришти. Ютюб каналынан заманбап комузчулардын видеолорун көрүштү,алардын өмүр-баяны,чыгармачылыгы менен таанышышты. Активдүү катышкан окуучулар кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарында бааланышты. Сабакта комузда ойногон окуучулар ар кандай күүлѳрдү чертип, балдардын маанайларын кѳтѳрүштү. Эң мыкты комузда кол ойноткон окуучулар «ТАӉШЫ КОМУЗ» аталышындагы инстаграм баракчадагы мектептин сайтына жүктөлүп, онлайн кароо сынагына 2-сентябрдан баштап катышышты. Добуш берүү 9-сентябрь күнү кечинде аяктап,жеӊүүчүлөр аныкталды.
Комментарии