«Достук» фестивалы — биримдиктин жана ынтымактын майрамы
№61 физика-математикалык мектепте 3-а классынын окуучуларынын катышуусунда «Достук» фестивалы өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын негизги максаты — окуучуларды достукка, өз ара сый-урматка, ынтымакка жана көп улуттуу маданиятка тарбиялоо болду. Фестивалдын жүрүшүндө окуучулар ар улуттун каада-салттарын, улуттук кийимдерин, ыр-бийлерин жана көркөм номерлерин тартуулашты. Балдар өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдөрүн көрсөтүшүп, сахнада өзүн эркин жана ишенимдүү алып жүрө алышты. Ар бир номер көрүүчүлөр тарабынан чоң кызыгуу менен кабыл алынып, жагымдуу маанай жаратты. Иш-чара окуучулардын достугун бекемдеп, бири-бирине болгон жылуу мамилесин арттырды. Фестиваль балдардын жүрөгүндө унутулгус таасир калтырып, достуктун баалуулугун дагы бир жолу далилдеди. Мындай иш-чаралар келечек муунду ынтымакка, толеранттуулукка жана мекенчилдикке тарбиялоодо чоң мааниге ээ деп эсептейбиз.
Даярдаган мугалим: Усенова Жийде Жанболотовна

Комментарии