23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 31 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети «Кыргыз ССРнин мамлекеттик тил жѳнүндѳ» мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген.
Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши – адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгѳ, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнѳ, эне тилдин кадырын кѳтѳрүүгѳ ташталган зор кадам болгон.
Мына,ошол күндѳн бери, 23-сентябрь – кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет.
Биздин №61 АФММЛ ОК дагы жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон – МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МАЙРАМЫ менен чын жүрѳктѳн куттуктайт.
Комментарии