ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ
Е.Б.Якирдин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин башталгыч мектебинде ЭНЕ ТИЛ күнүнө арналган 3-класстын окуучулары менен ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫ өткөрүлдү. Фестивалды кыргыз тили мугалимдери Турсуналиева Дамира Токоновна жана Качкынова Жибек Автандиловна ата-энелер менен бирдикте даярдашты.
ДОСТУК ФЕСТИВАЛЫН мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасын, ЭНЕ ТИЛ күнүнө жарыяланган бир айлыгынын иш-чараларынын планын ишке ашыруу, Кыргызстанда жашаган ар улуттардын ынтымагын бекемдөө максатында уюштурулду
3-класстын окуучулары 6 улуттун өкүлдөрүнүн ролдорун аткарышып, алардын тамак-аштарын, кийимдерин, улуттук баалуулуктарын көрсөтүп, улуттун бийлерин бийлеп, ырларын ырдап беришти.
Алар эӊ биринчи Кыргызстандын өкүлдөрү болуп маалымат беришти, андан кийин Индия, Өзбекстан, Кытай, Корея, Россия өкүлдөрү болуп бий бийлешти, өлкөлөрдүн белгилүү салттары жөнүндө айтып беришти.
Кичинекей наристелерибиздин кыргыз тилиндеги сөз байлыктарын жана чыгармачылык таланттарын көрө алдык.
Алар жоопкерчилик менен ар улуттун эне тилинде саламдашып, ыр айтышты жана маданиятын көрсөтүп беришти.
Окуучуларга активдүү катышкандыктары үчүн мектептин администрация тарабынан грамота тапшырылды.
Окуучулардын ата-энелери, класс жетекчиси жана мектептин администрациясы биздин мугалимдерибизге иштерине албан ийгиликтерди каалап, алкыш айтылып, ыраазычылык билдиришти.
Эне тилим – кубат берчүү куралым,
Өзүң менен сыймыктанар убагым.
Керек болсо берер элем жанымды,
Жан ордуна келет тилди сурагым
Комментарии