Ко Дню Победы 9 Мая для учащихся начальных классов школы №61 были проведены воспитательные уроки и уроки памяти
9-Май — Жеңиш күнүнө карата №61 мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн тарбиялык жана эскерүү сабактары өткөрүлдү. Сабактардын жүрүшүндө окуучулар кыска мультфильмдер аркылуу Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхы, баатырлардын эрдиги жана тынчтыктын баалуулугу тууралуу кызыктуу, түшүнүктүү маалыматтарды алышты.

Майрамдык иш-чара өзгөчө маанайда өттү. 2-класстын кыздары майрамдын урматына кооз бий аткарышып, көрүүчүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты. Ал эми 4-класстын окуучулары согуш мезгилиндеги каттарды көркөм окуп беришип, жоокерлердин мекен үчүн көрсөткөн эрдиктерин сахналаштырып көрсөтүштү. Ошондой эле окуучулар салтанаттуу парадга катышып, Жеңиш күнүнө арналган сүрөттөрдү тартышты.

Бул иш-чаралар аркылуу окуучулар мекенди сүйүүгө, тарыхты урматтоого, тынчтыктын кадырын билүүгө тарбияланышты. Жаш муундун жүрөгүндө баатырларга болгон сыймык жана ыраазычылык сезими дагы да бекемделди.

Даярдаган мугалим: Усенова Жийде Жанболотовна


Комментарии