УК АФМШЛ №61 Якира Е.Б. УК авторской физико-математической школы-лицея №61 Якира Е.Б.

Шаардык кароо-сынагы «Мыкты дил баян»

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн шаардык кароо-сынагы

     Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» Мыйзамын ишке  ашыруу, окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн окуучулардын кыргызча ой жүгүртүүсүн, сөз байлыгын жана сабаттуулугун аныктоо, окуучулардын өз көз карашын кыргыз тилинде эркин билдирүусүн калыптандыруу жана мекенчилдик сезимдерин ойготуу максатында «МЫКТЫ ДИЛ БАЯН» аттуу 11-класстар арасында меткептик сынак 2021-жылдын 20-сентябрында өткөрүлдү.
     1-орунду Арзыбекова Асель (11-А),  2-орунду Аралбекова Аксана (11-А),  
     3-орунду Тиленбаева Бакен алышты. Жеӊүүчүлөр райондук сынакка катышып 2-орун ээлешти (Арзыбекова Асель менен Аралбекова Аксана) жана шаардык кароо-сынакка катышууга табыштама берилди.

Шаардык кароо-сынагы «Мыкты дил баян»

 

      Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинин 32 жылдыгына карата өткөрүлгөн шаардык кароо-сынакта Арзыбекова Асель 3-орун ээлеп, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы жана баалуу сыйлыктар менен сыйланды.
Арзыбекова Аселди окуткан кыргыз тили мугалими Абдракманова Мунара Карыповна  дагы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы жана баалуу сыйлык менен сыйланды.
     Жеӊүүчүлөргө албан ийгиликтерди каалайбыз жана алар менен сыймыктанабыз!

Шаардык кароо-сынагы «Мыкты дил баян»