УК АФМШЛ №61 Якира Е.Б. УК авторской физико-математической школы-лицея №61 Якира Е.Б.

УЛУТТУК АДАБИЯТ КYНY

         Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана муну менен катар, оозеки чыгармачылык менен профессионал кыргыз поэзиясын жаңыча багытка алып чыккан, аз жашаса да, кыргыз адабиятына ат көтөргүс эмгек жасаган акын Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү катары белгилүү.  Мына ушул эки символикалуу датаны эске алуу менен 2011-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атайын токтому аркылуу 12-декабрь Улуттук адабият күнү деп кабыл алынган.
         Ушул күндүн урматына жыл сайын №61 АФММЛ ОКнин кыргыз тилчи мугалимдери ар кандай иш-чараларды өткөрүп келишет. Быйыл башталгыч мектептин окуучулары менен Усенова Жийде Жанболотовна жана Токтогонова Чолпон Авиповна “Айтматовдун каармандары сүйлөйт” аттуу иш-чара өткөрүштү. Мугалимдерибиз Ч.Айтматовдун чыгармалары аркылуу келечек муунду руханий, акыл-ой жана көркөм-эстетикалык тарбиялоо жана улуу жазуучунун чыгармаларына кызыгуусун ойготуу, шыктандыруу, залкар жазуучуну даӊазалоо максатында иш алып барышты. Жаш окуучуларыбыз кыргыз элинин жазуучусунун  чыгармасындагы каармандардын ролдорун аткарууга кызыгышты, чыгармасы боюнча сүрөттөрдү тартышты, музейине барышты жана журналист болушуп, маалыматтарды чогултушту. Активдүү катышкан окуучулар мектептин грамотасы менен сыйланышты.

Внеклассное мероприятие, посвящённое Дню национальной литературы
Внеклассное мероприятие «Говорят герои Ч. Айтматова»
Выставка рисунков по произведениям Чингиза Айтматова

Экскурсия в дом-музей Ч. Айтматова, 11.12.2021