2018-жылдын 2-ноябрында №61 АФММЛ ОКинин 3-Г классынын окуучулары класс жетекчиси Алексеева Екатерина Андреевна, кыргыз тили мугалимдери Усенова Жийде Жанболотовна жана Качкынова Жибек Автандиловна болуп Чоң-Арык айылында жайгашкан Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барып келишти. Бул үйдө Ч.Айтматов 1986-жылдан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин жашаган. Үй-музейде жазуучунун кол жазмалары, басып чыгаруу машинасы, кийимдери (ар бир күрмөсүндө Ч. Айтматов кайда жана качан болгону кагазга жазылып салынган), сүрөттөрү , сыйлыктары,өзүнүн чыгармалары тартылып, белекке сүрөтчүлөр тарабынан берилген сүрөттөр Ч. Айтматовду эстетип турат. Балдар Ч.Айтматов өзү тепкен чыгырыгын көрүп, таң калышты. Тилекке каршы сүрөткө тартууга тыюу салынгандыктан, сырткы бөлмөдөн гана сүрөттөр тартылды.Балдарга абдан жакты.
Комментарии