23 СЕНТЯБРЯ ОТМЕЧАЕТСЯ ДЕНЬ ГОСУДАРСТВЕННОГО ЯЗЫКА В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
2025-жылдын 23-сентябрында №61- мектептин короосунда «Кыргыз тилим — көөнөрбөс, өчпөс дилим!» аттуу салтанаттуу линейка болуп өттү.
Иш чаранын максаты:
23-сентябрь- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил макамын алган улуу күнүнө карата уюштурулган иш чара окуучулардын атуулдук духун көтөрүүгө, кыргыз тилин баалоого жана өз эне тилинде сүйлөөгө, эли, жери үчүн күйүүгө мотивация жаратат.
Линейканы куттуктоо сөзү менен мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Рыскелдиева Нургуль Азизовна ачып берди.
Салтанаттуу иш чараны чоӊ класстын окуучулары Тиленбаев Азиз (11-В) жана Нурланбекова Адинай (11-Г) алып барышты. Катышуучулар кыргыз тилинде ырларды көркөм окуп, ырдап, бийлеп, инцинировка ойноп эне тилин даӊазалашты.
Комментарии