Биздин мугалим Токтогонова Чолпон Авиповна «БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МЫКТЫ ПЕДАГОГУ» аттуу конкурсуна катышып, жеңишке ээ болду
Ефим Борисович Якирдин №61 АФММЛ ОКинин кыргыз тили мугалими Токтогонова Чолпон Авиповна, Казакстан Республикасынын Билим берүү министрлигинин маалыматтык колдоосу менен уюштурулган 2024-жылдын 20-декабрында болуп өткөн «БОРБОРДУК АЗИЯНЫН МЫКТЫ ПЕДАГОГУ» конкурсуна катышып, жеңишке ээ болду. Жеңүүчүлөргө сыйлыктарын тапшыруу аземи 12-апрелде Астана шаарында өткөрүлүп, кесиптешибиз сыйлоо салтанатына катышып келди.
Сыйлыктары: төш белги, күбөлүк , Эл аралык 1-даражадагы диплом.
Ак эмгектен баар тапкан жогорку сыйлыгыңыз куттуу болсун, Чолпон Авиповна!
Биз сиз менен сыймыктанабыз!
Комментарии