Ар бир эл өзүнүн салты, үрп-адаты менен гана эмесөздөрүнө тиешелүү болгон улуттук оюндары менен да айырмаланат.
Башталгыч мектепте кыргыз тили сабагында 1-класстарда “Улуттук оюндар” аттуу теманы бышыктоо үчүн кыргыз тили мугалимдери Усенова Ж.Ж. жана Токтогонова Ч.А. окуучулары менен мектептин короосунда практикалык түрүндө балдарды ойнотуп, эрежелерин тактап жана тилдерин жатыктыруу үчүн бышыктоо сабактарын өтүштү. Окуучулар абдан кызыгышып оюндар жөнүндө жана эрежелерин туура колдонушуп сабакты бышыкташты. Балдар сабакта оюндар жөнүндө таанышкандыгын, уккандарын, окугандарын практика түрүндө көрсөтүштү жана бири-бирин сабакта баалашты.
Комментарии