В НАЧАЛЬНОЙ ШКОЛЕ ПРОШЛО МЕРОПРИЯТИЕ, ПОСВЯЩЁННОЕ ДНЮ ГОСУДАРСТВЕННОГО ЯЗЫКА, КОТОРЫЙ ОТМЕЧАЕТСЯ 23 СЕНТЯБРЯ В КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКЕ
23-Сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата мектепте өткөрүлгөн иш-чара
Иш-чаранын аталышы: Кыргыз тилим – көөнөрбөс, өчпөс дилим
Өткөрүлгөн күнү: 18-сентябрь 2025-жыл
Жайгашкан жери: №61 ЖББМ башталгыч класс
Иш-чаранын максаты:
Кыргыз тилине болгон сый-урматты күчөтүү, окуучулардын эне тилге болгон кызыгуусун арттыруу жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошуу.
Иш-чаранын жүрүшү:
Иш-чара КРдин Мамлекеттик гимни менен башталды.
Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Рыскельдиева Нургуль Азизовна куттуктоо сөзү менен иш-чараны ачып берди.
Катышуучулар:
1– 4 -класстын окуучулары, мугалимдер жана ата-энелер.
Иш-чаранын биринчи бөлүмүндө 4-Б классынын окуучулары Мирлан Самыйкожонун “Бирик” аттуу чыгармасын сахналаштырып беришти. Чыгарманын мазмунуна ылайык кыргызды кыргыз кылып сактап келген баалуулуктарын даңазалап, көргөзүп беришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз тилине арналган көркөм окуу сынагына келген калыстар тобу менен таанышып, майрам андан ары улантылды. 4-классынын окуучулары улуу инсандардын учкул сөздөрүн айтып беришти.
2-В классынын жаш манасчылары манас айтышты, 4-В классынын окуучулары “Кара жорго” бийин бийлешти. 4-В классынын окуучусу Шумкарбеков Азим комузда кол ойнотту. Иш-чаранын негизги бөлүгүндө 3 – 4 -классынын окуучулары кыргыз тили жөнүндө ырларын көркөм окуду.
Калыстар тобу катышуучуларды төмөнкү критерийлер менен баалашты:
- артисттик чеберчилик;
- дикция;
- форма.
Сынакта жогору упай топтогон окуучулар грамота менен сыйланышты.
Иш-чарада мыкты деп тандалган, окуучулардын аткаруусундагы номерлер тандалып, 23-сентябрда боло турган салтанаттуу линейкада көрсөтүлдү.
Иш-чара жогорку деңгээлде өтүп, окуучулардын активдүүлүгү байкалды. Кыргыз тилине болгон кызыгуу күчөдү жана патриоттук сезимдер ойгонду.
Жооптуу мугалим: Токтогонова Чолпон Авиповна
Комментарии