ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНАН ҮЗҮНДҮЛѲРДҮ ЖАТКА АЙТЫП ЖАНА ВИДЕОРОЛИКТЕРДИ ТАРТУУ АРКЫЛУУ ЖАКТОО СЫНАГЫ БОЛУП ѲТТҮ
«Айтматов жумалыгынын» алкагында жогорку класстарда эссе жана дилбаяндады жазышты. Андан тышкары сүрѳт-долбоорлорду жакташып, кол ѳнѳрчүлүк, дубал гезиттерди жасашты. «Айтматов жумалыгын» жыйынтыктоо 9-10-класстар арасында Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлѳрдү жатка айтып, видеороликтерди тартуу аркылуу жактоо сынагы болуп ѳттү. Сынакты орус тили жана адабияты мугалими-Абдыбаитова Роза Жолдасовна даярдап, жогорку денгээлде ѳттү. Женген топтор сертификаттарга ээ болушту.
Комментарии