Лицейдин китепканасына саякат
Китептер бизди эң кичинекей балалыктан тосуп алып жана ѳмүрүбүз ѳткүчѳ биз менен бирге болушат. Зор дүйнѳ, кызыктуу жана ар түрлүү образдуу, биздин бѳлмѳбүзгѳ сүйүктүү китептерибиздин беттеринен киришет.
Жакшы кѳргѳн, окуганды билген адам — бактылуу адам. Ал кѳптѳгѳн акылдуу, мээримдүү жана ишеничтүү достор менен курчалган. Жана биздин досубуз-китептер үйдѳ жашашат, ал үйдү биз китепкана дейбиз.
Бүткүл дүйнѳлүк китеп жана автордук укук күнүнѳ карата (20.04.21) мамлекеттик тил боюнча мугалимдери Усенова Жийде Жанболотовна жана Токтогонова Чолпон Авиповна биринчи каласстын окуучулары менен мектептин китепканасына саякат уюштурушту.
Балдар — биринчи класстын окуучулары китепкана жѳнүндѳ кѳп жаңылыктарды жана кызыктууларды билишти, китепкана-библиографиалык билимдин негизинде базалык түшүнүктѳрдү алышты. Алардын кѳңулдѳрү ачык түстѳгү китептер менен турган текчелерге бурулду. Биринчи класстарды «Кандай китептер болот» деген кѳргѳзмѳ негизи кызыктар болду. Алар ушундай кызыкчылыктары менен кыргыз тилинде ырларды, макалдарды айтышты, табышмактарды табышты, жомоктун жана балдар мультфильмдердин каармандарын билишти.
Саякат убагында балдар китепканачы Крайнюкова Галина Владимировна менен таанышып, ал бир баланын жардамы менен оюн формасында, китепканага келгенде эмне кылыш керек, китепти кантип туура тандаш керек жана аны кантип жазыш керек жѳнүндѳ айтып берди.
Лицейдин администрациясы жана педагогикалык жамаат кыргыз тили мугалимдерине балдардын китеп окуда окурман катары жѳндѳмдѳрүн ѳстүрүүгѳ жана китепти сүйүүсүн ѳнүктүрүүгѳ салым кошкондуктары үчүн ыраазычылык билдиришет.
Комментарии