23-апрель — Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү
1995-жылы ЮНЕСКО уюмунун резолюциясынын негизинде 23-апрель «Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү» деп жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдагы токтому менен өлкөбүздө да Китеп күнү расмий белгиленип келет.
Бул күнгө карата №61 мектепте бир катар иш-чаралар уюштурулду.
Иш-чаранын максаты — окуучулардын китепке болгон кызыгуусун арттыруу, китеп окуу маданиятын калыптандыруу, билимге болгон умтулуусун күчөтүү, чыгармачылык жөндөмдөрүн өнүктүрүү жана руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды жайылтуу. Ошондой эле окуучуларды китепти баалоого, аны аярлап сактоого жана бири-бири менен бөлүшүүгө тарбиялоо болуп саналат.
4-класстын окуучулары мектеп китепканасына саякат жасап, китептер жана китепкана иши тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушту.
2-класстын окуучулары жомок угуп, чакан сценкаларды көрсөтүштү.

Мындан тышкары окуучулар китеп чогултуу акциясын өткөрүшүп, топтолгон китептерди жаңы окурмандарга кайрымдуулук иретинде белекке беришти.

Комментарии