9-СЕНТЯБРЬ – КОМУЗ КYНY
9-СЕНТЯБРЬ – КОМУЗ КYНY
Кылымдардан көөнөрбөс мурас болуп келген комуз өнөрүн атайын белгилөө боюнча Президенттин жарлыгы 2019-жылы 29-июлда кабыл алынган. Ал жарлыкта: “Азыркы шартта комуздун жаӊы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш”– деп айтылган.
Е.Б.Якирдин №61 АФММЛ ОКнде КОМУЗ күнүнѳ арналган ар кандай класстан тышкаркы иш-чаралар ѳткѳрүлдү. Кыргыз тили кыргыз улуттук аспабы комуз менен сѳзсүз түрдѳ байланыштуу, ошондуктан кыргыз тили жана адабияты мугалимдери КОМУЗ күнүнѳ (7-9-сентябрда) арнап ачык сабактарды ѳткѳрүштү.
Активдүү катышкан окуучулар кыргыз тили жана кыргыз адабияты сабактарында бааланышты. Сабакта комузда ойногон окуучулар ар кандай күүлѳрдү чертип, балдардын маанайларын кѳтѳрүштү. Эң жакшы черткен окуучулар «ТАНШЫ КОМУЗ – 2024» кароо сынагына катышты жана жеӊүүчү салтанаттуу аземдерде чертүүгѳ таңдалды. Сынакка 11 окуучу катышты жана болгон ѳнѳрлѳрүн тартуулашты.
Кароо сынакта КОМУЗ ийриминин көркөм жетекчиси – Курманалиева Эльмира Курманалиевна комузчулардын мыктысын тандап, кийинкиде мектеп ансаблин түзүүгө шарттарын түшүндүрд.
Комуз – чебердин тийсе кол учу,
Чер жазган мукам добушу.
Чертилип келдиӊ байыртан
Чечен тил кыргыз комузу.
Мамлекеттик тил боюнча директордун орун басары Амандыкова Анара Шукурбековна
Комментарии