Ч.АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ ОКУУЧУЛАРДЫН КӨЗҮ МЕНЕН
Кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына карата “Каармандар сүйлөйт” кол өнөрчүлүк кароо-сынагы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылыдн 1-июлундагы №155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов” үч айлыгынын алкагында №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинде башталгыч мектепте 1-4-класстарынын окуучуларынын арасында “Каармандар сүйлөйт” аттуу кол өнөрчүлүк жана “Ч.Айтматовдун чыгармалары окуучулардын көзү менен” көркөм сүрөт кароо-сынактары өткөрүлдү.
Бул иш-чара Ч.Айтматовдун чыгармаларын даӊазалоо, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин статусун көтөрүү, Ч,айтматовдун чыгармалары аркылуу келечек муунду руханий, акыл-ой жана көркөм-эстетикалык жактан тарбиялоо жана Улуу жазуучунун чыгармаларына кызыгуусун ойготуу, таланттуу окуучуларды шыктандуруу максатында өткөрүлдү.
Ийгиликтүү иштердер бааланып, жыйынтыктоочу аземинде мектептин грамоталары менен
Окуучулар Ч.Айтматовдун чыгармасында тартылган тасмаларды көрүштү, маалыматтарды алышты жана үй-музейине барып келишти. Алган билимдерин жыйынтыктап кол өнөрчүлүк сынагын өткөрүштү.
Уюштурган мугалимдер: Турсуналиева Д.Т., Усенова Ж.Ж., Токтогонова Ч.А., Качкынова Ж.А., Мусаева А.Б.- кыргыз тили мугалимдери. Жакшы иштер райондук кароо-санактарында дагы катышат. Мектептин администрация тарабынана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.
Комментарии