21-ФЕВРАЛЬ — ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ АРНАЛГАН “ЭНЕ ТИЛ ЖАНА РУХАНИЙ МАДАНИЯТ” АТТУУ КӨРКӨМ ОКУУ (ПОЭЗИЯ) СЫНАГЫ
21-февраль – ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ күнүнө арналган
“ЭНЕ ТИЛ ЖАНА РУХАНИЙ МАДАНИЯТ”
аттуу көркөм окуу (поэзия) сынагы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “21-февраль – Эне тили күнүнө” жарыяланган бир айлыгынын иш-чараларынын планын ишке ашыруу максатында Е.Б.Якирдин №61автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинде 8-11-класстардын окуучуларынын арасында “ЭНЕ ТИЛ ЖАНА РУХАНИЙ МАДАНИЯТ” аттуу көркөм окуу кароо-сынагы 2023-жылы 7-февралында өткөрүлдү.
Бул иш-чаранын максаты Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана башка улуттун окуучулары кыргыз тилинде сөз байлыгын өстүрүү менен ыр айтып берүү, ошондой эле таланттуу окуучуларды табуу, аларга демилге көрсөтүү, улуттук баалуулуктарды, руханий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даӊазалоо максатында иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
Сынакта калыстар тобунда кыргыз тили мугалимдери , Усенова Ж.Ж., Токтогонова Ч.А., Мусаева А.Б. болуп 1-3-орунга татыктуу окуучуларды аныктап беришти, 1-орун алган окуучу райондук сынакка катышууга жолдомо берилди.
Жалпы катышкан окуучулардын саны 8 жана алар ар башка улуттун өкүлдөрү болду.
1-орунду 9-В класстын окуучусу Горынина Александра “Көӊүл” деген ыр менен алды.
Кийинки райондук сынакта Александрага албан ийгиликтерди каалап кетебиз!
Комментарии